Өлкөдө Google, Facebook жана Yandex сыяктуу ири компаниялар дагы каттоодон өтүп, салык төлөшү керек. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, аталган гигант компаниялар Кыргыз өлкөсүндө өкүлчүлүктөрүн ачуусу зарыл эмес, болгону электрондук түрдө каттоодон өтүп коюшу жетиштүү.
"Google, Facebook жана Yandex сыяктуу ири компаниялар салык төлөшү үчүн Кыргыз өлкөсүндө өкүлчүлүктөрүн ачуусу талап кылынбайт. Алар электрондук каттоодон өтүп койгону жетиштүү. Ошондой эле аралыктан отчёт тапшырып, салык төлөшү кажет.
Бизде кошумча нарк салыгы (КНС) 12 пайызды түзөт. Учурда канча салык түшөрүн айтуу кыйын. Алдыда анализ жүргүзүп көрүү керек. Аталган компаниялар биздин аймакта жарандарыбыздын эсебинен киреше таап жаткан соң салык төлөгөнү туура", - деди Ысабеков.
Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинде Кыргыз өлкөсүнүн аймагында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү компаниялар (ред.: Google, Facebook жана Yandex TAXI) тарабынан КНСти төлөө режими киргизилген.