Байсалов Алымкадыр Бейшеналиев президенттин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып жаткандыгын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттердин бирине берген маегинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президенттин ага болгон ишенимин кыянаттык менен пайдаланып жаткандыгын айтты.

"Мен аны кызматтан кетириш керек деп ойлобойм. Бул мамлекет башчынын чечимдерине тиешелүү. Биз Садыр Жапаров түзгөн аткаруу бийлигибиз. Анын алдында баарыбыз жооп беребиз. Алымкадыр Бейшеналиев мамлекет башчыбыздын чексиз ишенимине ээ. Бирок аны кээде кыянаттык менен колдонот. Ага президент дагы эскертүүлөрдү берип турат. Ал ишинде жыйынтык көрсөтөбү, көрсөтпөйбү - бул үчүн өзү жооп берет, анткени ал Кыргыз өлкөсүнүн министри", - деген Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rusbayastan
2021-12-24 16:34:12
Сен озунду билчи
-2
Maku1
2021-12-25 01:40:12
Туура айтат, Бейшеналиев президентти уят кылып жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан