Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, түрдүү тармактарда өз ара байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашкан.
Ошондой эле Садыр Жапаров Ильхам Алиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
"Ал тарыхый достуктун жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген өлкөлөрдүн биргелешкен кызматташтыгын жогору баалап, бул иште Ильхам Алиевдин жеке чоң салымын баса белгиледи.
Өз кезегинде Ильхам Алиев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ал Азербайжан тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи", - деп жазылган маалыматта.