Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруу боюнча республикалык сынак өткөрүлөт

Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында кароо-сынак жарыяланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири, манасчы Самат Көчөрбаев билдирди.

"Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган сынак 2022-жылдын 15-16-январында КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт. Ага 15 жаштан 40 жашка чейинки аткаруучулар катышат.

Бул сынактардын максаты - Иманалиевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү жана чыгармаларын түбөлүк сактоо, ошондой эле башка тилдерде дагы жайылтуу болуп саналат. Аталган сынактын алкагында англис же орус тилинде "Аруузатым" аттуу ырын өзгөчө аткаргандар үчүн да атайын сынак өтөт.

Жалпы байге фонду 6 жүз миң сом", - деди ал.

Уюштуруу тобу Иманалиев атындагы эки жылда бир берилүүчү сыйлык уюштурууну максат кылып жатканын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан