Президенттин иш башкармалыгы: "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратын пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эмес

"Ысык-Көл" мейманканасынын имаратын кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

“Ысык-Көл” мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалда. Бул имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эмес. Ал гана эмес, башкаларга коркунуч туудурат. Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп. Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак", - дешти мекемеден.

Ал эми анын ордуна кандай имарат курулаары туурасында комментарий берилген жок.

Буга чейин "Ысык-Көл" мейманканасында курулуш иштери башталгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-12-24 17:18:54
Туура эле, бузуп туруп эле башка пайдалуу обьектерди куруу керек!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан