Ырчы Гүлнур Асанова “Ак Мөөрдүн арманы” аттуу ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү Сооронбай Жусуевге, обону Жазгүл Жумакановага таандык. “Ак Мөөрдүн арманы” атуу ырды Гүлнурдун ырдап чыгышын обончу өзү суранган.
“Ушул убакка чейин ырдап жүргөн ырларымды жаздырууда жана клип тартырууда көп каражат жана эмгек талап кылынган эмес. Ал эми бул клипти тартуу көп мээнетти талап кылды. Үнүмдү дагы эки студияга барып, эки жолу жаздырдым. Ыр жаздырууда кыргыздын бардык аспаптары жандуу коштоп турду”,- дейт ырчы.