Кытай Кыргыз студенттери үчүн кошумча өкмөттүк стипендия бөлдү. Эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосундагы макулдашуунун алкагында бакалавр, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алуусу жана практикадан өтүүсү үчүн 2022-2023-окуу жылына карата өкмөттүк стипендия бөлдү. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматынан белгилешет.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана стипендиялык программага катышуунун шарттары, ошондой эле алдын ала тандап алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына ("Жарыялар" бөлүмүнүн ичиндеги "Стипендиялар" бөлүгү) жана http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасына ("2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу») илинген жарыяларга ылайык жүзөгө ашырылат.
Эске сала кетсек, каалаган талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине ылайык http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасында каттоодон өтүп, зарыл болгон жерди толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2022-жылдын 9-январына саат 23:59га чейин жүктөөсү зарыл.