ЖАМКнын кызматкерлери каза болгон кесиптештеринин балдарын Жаңы жылы менен куттукташты (фото)

Бүгүн, 24-декабрда ЖАМКнын жетекчилиги жана ардагерлер кеңеши тарабынан кызмат учурунда каза болгон ЖАМКнын кызматкерлеринин балдары үчүн даярдалган жаңы жылдык майрамдык программа болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен ЖАМКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев куттуктаган.

"Силер биздин үмүтүбүз жана таянычыбызсыңар, үй-бүлөңөр жана досторуңардан жалаң гана сүйүү жана алкоолордо болушуңарды каалайм", - деген ал.

Иш-чарада Аяз кыз менен Аяз Ата бир нече кызыктуу сынактарды өткөрүшкөн. Андан соң бардык балдарга белектер тапшырылган.

"Мындай иш-чара ар жылы өткөрүлүп турат. Майрам балдардын гана эмес, алардын ата-энелеринин да жаккандыгын алардын жүзүнөн байкаса болот. ЖАМКнын ардагерлер кеңеши донорлор менен биргеликте ар кандай эскерүү иш-чараларын өткөрүп келет. Атап айтканда, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин балдарына колдоо көрсөтүү максатында аларга кийим-кече, окуу куралдары, тамак-аш түрүндө материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүп келет", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан