Башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет Кадыр Досоновго карата тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Кадыр Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу Кадыр Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү", - деп билдирди УКМК.
Буга чейин Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы Кадыр Досонов үй камагына чыккандыгын билдирген.
Ушул жылдын 10-февралында Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган. Андан соң Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келген.