Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 23 миллион метр кубга азайды

Бүгүн, 24-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 391 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"24-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 391 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 154 метр куб, агып чыгышы 425 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2020-жылдын 24-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 623 миллион метр кубду түзгөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Haanykeim
2021-12-25 09:29:28
Коңшу Казакстанга берсе азаят да...
+1
Monsterbek
2021-12-25 15:37:06
Казак бизден суу сатып алат биз казактын акчасын алабыз, Казак жерин суугарып буудай ун бизге сатат биз казакка акча беребиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан