Футбол боюнча Оман чемпиондугунун алкагындагы беттеште футболчу оюн алдындагы машыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, "Маскат" клубунун оюнчусу Мухалад Аль Рукади беттештин башталышына бир нече мүнөт калганда күтүүсүздөн эсин жоготуп койгон. Андан кийин анын жүрөгү кармап калгандыгы белгилүү болгон. Дарыгерлердин кылган аракетине карабай ал каза болгон. Футболчу болгону 29 жашта болчу.
Анын каза болгонун уккандан кийин командалаштары, машыктыруучулары, атаандаштары, футбол калыстары көзүнө жаш алган. Мындан улам бул беттеш токтотулган. Бирок Оман чемпиондугундагы башка оюндар бир мүнөт унчукпай туруу менен улантылган. Футбол күйөрмандары муну "адамгерчиликсиз" деп атап, футбол федерациясынын өкүлдөрүн кызматтан кетишин талап кылышууда.