Өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 25-декабрда министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчёту угулуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.
Иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, президенттик администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышат.
Мындан сырткары, жыйынга Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышат.
Министрлер кабинетинин жыйналышы республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Түз эфир башталышы: 09:00.