Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат. Анда президент сөз сүйлөдү.
"Жыл бүттү. Менин да бир жылдык отчётум, кылган иштеримдин жыйынтыгы туурасында элге кайрылууга кезек келди. Бүгүн жаңы жыл алдында шайлоо бүтүп, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы өз ишин аягына чыгып, жетинчи чакырылыш өз ишин баштаардын алдында, ошондой эле элдин жүгүн көтөргөн министрлер кабинетинин жана жалпы элдин алдында – расмий түрдө 2020-жылдын 5-октябрынан тартып азыркы күнгө чейинки аткарылган иштерибиз туурасында билдирип кетсем дейм.
Өткөн жылы өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын маанисин терең түшүнүп, кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык иш-аракеттерди мыйзам менен чечип, укуктук талаага кайтарууга кадам жасадык. Укуктук талаада көпчүлүк депутаттар премьер-министрлик кызматына мени сунуштады, өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети мага жүктөлдү. Бир жагынан мамлекетибиздеги түзүлгөн саясий кырдаалды, экинчи жагынан пандемиянын шартында кемиген экономикабыздын абалын, бюджетибиздин тартыштыгын, социалдык милдеттерди жүрөгүм менен кабылдап турдум. Аны мен 2 ай аткардым. “Бардыгы мыйзамдуу, мыйзам талаасында чечилсин” деген ниетте президенттик кызматка шайлоо аркылуу аттандым. Бүт милдетти тапшырып бердим. Тең шайлоо өтсүн деген принципти бекем кармандым. Мен да ар бир аймакты түрө кыдырып, эл менен түздөн-түз жолугуштум, ар бир шайлоочумду угууга аракет жасадым", - дейт ал.