Президент Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алганын айтты

Президент Садыр Жапаров Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

"Чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргыз мамлекетине стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болууда. Быйыл биз Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун 3 айдын ичинде калыбына келтирдик. Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду. Облуска өзгөчө макам берилди. Өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 500 миллион сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык. Баткен боюнча көп иштерди аткардык. Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. Өткөн жылы президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштеримди Раззаковдун жери – Баткенден баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Beka1986
2021-12-25 10:13:40
Исфана деген ат эмнени билдирет өзү?
-1
EddieNigma
2021-12-25 10:17:00
Beka1986,перстердин убагында коюлган ат болсо керек. Лингвисттерден сураш керек.
+3
Datka7777
2021-12-25 12:46:52
EddieNigma, бизде Исфана, таджиктерде Исфара деген шаары бар
+3
EddieNigma
2021-12-25 12:52:33
Datka7777,Иранда Исфахан деген.
+2
EddieNigma
2021-12-25 10:15:25
Садыр алга! Кыргызстандын эң негизги проблемасы чечилди. Эми өнүгөбүз)))
+3
modem4999
2021-12-25 11:17:52
EddieNigma, эн негизги проблемасы ушул беле
+1
Future11
2021-12-25 12:10:00
EddieNigma, Эн негизги көйгөй бул элдин ан сезими
+1
emirchik
2021-12-25 10:28:04
Эн жакшы ат коюлуптур
+2
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-25 10:30:03
Башка шаарларда дагы түшүнүксүз көчөлөрдүн аттарын кыргызча кылып өзгөртсө жакшы болмок
+2
Antiradikal10
2021-12-25 11:18:47
Тарыхый шаар жер аттарын озгортуу акмактык... Жаны шаар болсо мейли эле. Кочо, театр ж.б. берсе же жаны айылдарга берсе туура болмок.
-6
al-abu-kinesz
2021-12-25 13:36:20
Antiradikal10, нак жумутркадан кыр издеген кемчонтой экенсин!!! Садыр Жапаровдун ишинен дайым кычык таап турасын. Исфана деген ат тажикче болуп атат го, тарыхый атты башына тартасынбы? Негизи именно чек арадагы жер суу аттарын нукура кыргызча озгортуш керек.
+9
Antiradikal10
2021-12-25 13:47:23
al-abu-kinesz, тажикче болобу, туркчо же арабча болобу, айырмасы канча? Илгертен ошол жер ошондой аталып келсе кала берсин. Кемчонтой жугундукор болуудан тажабадынбы озун?!
-4
al-abu-kinesz
2021-12-25 17:23:43
Antiradikal10, Казакстандын тундугундо орустар менен талаш тартыш участоктор коп болгон учун Назарбаев корогочтук кылып Астана деп озгортуп борборду жылдырып салган, ошонун артында казактар басымдуулук кылып коп жерлерин сактап калышты. Раззаков да билген чек ара маселесин, бирок зым тартып тоспойм мен эл менен тосом деген созу бар. Ошондой сыяктуу тушунуктор сенин ирип кеткен мээне каяктан кирмек эле.
-1
Antiradikal10
2021-12-25 21:14:19
al-abu-kinesz, эй даканса, кеп борборду кочуруу тууралуу эмес, тарыхый жер-суу аттарын озгортуу тууралуу болууда! Эмне, Раззаков болуп озгорсо тажиктер Ворухту кайтарып бере коет дейсинби?!
-1
EddieNigma
2021-12-25 13:58:11
al-abu-kinesz,Бодкони (Баткен) дагы тажикче, эмне аны дагы өзгөртөйүкпү?
-5
al-abu-kinesz
2021-12-25 17:13:58
EddieNigma, Озгортуш керек! Именно тажик жыттанган жер суу аттарын! Желание жок болсо журо бер анда биздин жер тажикче атты алып журот Бодкони деп сыймыктанып, какого хрена Баткен деп айтасынар деп.
+2
Datka7777
2021-12-26 12:29:54
al-abu-kinesz, Исфана, Баткен, Овчу, Исфайрам деген создор тажикче эмес. Жоголуп кеткен кыпчак говорунан чыккан создор
+1
Datka7777
2021-12-25 17:47:26
al-abu-kinesz,Исфана деген соз тажикче эмес
0
Sanjura
2021-12-25 12:53:46
Биринчи кезекте борбор шаарыбыздан баштасак жакшы болмок беле, көчөлөрдүн,айылдардын аттарын кыргызча кылып кыргыз элинин духун көтөрсөк туура болмок беле.Башка тилдүү мектептерди жоюп,өз тилибизде,өз тарыхыбызды окутуу керек.
0
Dalil
2021-12-25 13:12:01
Баткен дегенди да озгортсо болот. Ал деле тажиктердин созунон алынган
-5
Sajakat14
2021-12-25 13:40:48
Dalil,тажикче баткен эмне дегенди билдирет экен?
+2
EddieNigma
2021-12-25 14:08:11
Sajakat14,тоолу шамал дегенди түшүгдүрөт
+3
Datka7777
2021-12-26 12:30:32
Dalil,тажикче эмес кыпчак говорундагв соз
+1
Antiradikal10
2021-12-25 13:20:28
Тарыхты тебелеп кылымдардан келген жер-суу аттарын озгортуу акмактык эмеспи?

Разаков шаары, Балтагулов айыл окмоту, Ташматов айылы деп эле озгортулуп жатат, илгерки жер-суу аттары калып кетип эле.

Кочолорго, соода туйундоруно, кино-театр, филармония, мектеп ж.б. берсенер мейли эле го жаны ысымдарды?

Эмне, ат кою жарышы башталдыбы?

Эртен чыгасынар Жалал-Абад кыргызча соз эмес, лушче Ташиев шаары болсун, Туп Жапаров району болсун деп.
-4
al-abu-kinesz
2021-12-25 13:41:09
Antiradikal10, Андай озгоруулор башка олколордо болуп келген болуп эле атат, эмне тарых бурмаланып калдыбы? Кашаанын ичине эски аталышы жазылып эле журбойбу?
+4
Antiradikal10
2021-12-25 13:52:17
al-abu-kinesz, башкалар жардан секирсе сен да секиресинби? Анда Ташиев, Жапаров, Мамытов деген шаар, облустарды кутуубуз керекпи?!
-6
Mister-XXX
2021-12-25 23:55:30
Antiradikal10,Ээ бузуку бул жерге келбей эле койчу.Тажикстан Жерге Талдын атын озгортуп алды го.Бир жакшы сөз жазбайсын.Кандай эне сени төрөп,тарбия берди экен.Энеңди да ушинтип шордотсон керек.
-1
Antiradikal10
2021-12-25 13:22:26
Ош да кыргызча соз эмес. Ош шаары туптолгон кезде кыргыздардан дайын жок эле. Эми ошондо Ошту да озгортолубу?

-6
nazira...
2021-12-25 16:04:00
Antiradikal10,супер инфону Антирадикал10 деп өзгөртөлү
+3
Antiradikal10
2021-12-25 16:11:27
nazira..., Байкуш жугундукор...... Ошончо болду, Кыргызстанды Садырстан же Камчыстан деп озгортолу деп чыгасынар жакында........
-5
bond02
2021-12-25 16:56:02
Гулжигит эмне деп ырдап калат анда?
0
Azat-123
2021-12-25 17:33:33
Өзүбүздөн аты даңкы чыккан азаматыбыздын аты коюлуп туура эле чечим болуптур, тээжикче орусча коюлган айылдын жана шаардагы чоң көчөлөрдүн аттары дагы өзүбүзгө ыңгайлуу болуп өзгөртүлсө дурус болмок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан