Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат. Анда президент сөз сүйлөдү.
"Алдыда бизди дүйнөлүк масштабдагы иштер күтүп жатат. Тоо-кен байлыктарыбыз менен бирге ошол тоолордон түшкөн мөлтүр таза сууларыбыз – биздин элдин башкы байлыгы. Ошондуктан мен “Мөңгүлөрдүн коргоочусу Айкөл Манастын калкы” деген идеяны дүйнөгө жайылткым келет. Жараткан жөн жерден сатылбас, таза кандуу, ак сөөк элди суунун башына койбосо керек. Суунун башы болгон – баарынан артык", - деди президент.