Садыр Жапаров: "Биздин максат - жаңы Кыргыз мамлекетин куруу"

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат.

"Биз өтө кескин аралыкта саясий турбуленттүүлүктөн чыктык, саясий кризистер бүттү. Ири шайлоолор өттү. Эми иштешибиз керек. Эми алдыга койгон максаттарыбыз, пландарыбыз боюнча сүйлөшөлү. Биздин максат - жаңы Кыргыз өлкөсүн куруу. Жаңы Кыргыз өлкөсү өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болууга тийиш.

Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргыз мамлекетин курууга, жарандардын ишенимин, ынтымак-биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, жаратмандык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат. Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, элимдин алдында өтө милдеттүү сеземин. Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алектенүүдө деп билемин", - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal10
2021-12-25 12:18:53
Карт борулордон турган министрлер кабинети, ончой олигарх чимкириктерден турган Жогорку Кенеш менен келечектуу олко курат бекен?...
-2
Datka7777
2021-12-25 12:48:18
Antiradikal10,кура албайт
-3
ulanbek2000
2021-12-25 13:41:11
Чекара чечилбей мамлекет куралбайт
+4
Tursunbaev1978
2021-12-25 13:52:51
Жакшы ниет кылайлы,жакшы ниет жарым ырыс,өнүгүп калаарбыз
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан