Кара-Кулжа райондук "Кадастр" бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплексин узак мөөнөттүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен "Кадастр" Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.М. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.