Алай районунун Гүлчө айылына бийиктиги 33 метр болгон флагшток орнотулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Гүлчө айылынын кире беришине орнотулган флагштоктун ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Каныбек Апбасов, Ош облусундагы район акимдери, Алай районунан чыккан саясий ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Флагштокту орнотууга Алай районунун тургуну, жеке ишкер Алмаз Абдраев демөөрчү болгон.