Республика боюнча коронавирустан 279 бейтап стационардык дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 279 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 327 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаары – 105, Чүй облусунда – 71, Ош облусунда – 23, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 26, Баткен облусунда – 16. Стационарда дарыланып жаткан 279 бейтаптардын ичинен 2 (0,7 пайызы) канааттандырарлык, 123 (44 пайызы) орто оордукта, 138 (49,4 пайызы) оор абалда жана 16 (5,7 пайызы) өтө оор абалда", - деп жазылат маалыматта.