“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 24-декабрга карата 221 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 1047 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган, 366 техникалык паспорт даярдалган.
Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган. Техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.