Кытайда IT тармагы боюнча билим алып жаткан Ырыскелди: "Бул жактагы балдарга таң калдым, эс алуу, каникул деген жок экен"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Талыкпай эмгектенип, изденүүнүн арты менен ийгилик жаратып, башкаларга үлгү боло алган кыргыз жаштарынын саны арбын. Алардын бири 19 жаштагы Ырыскелди Курманбеков алыстарга умтулган астейдил аракети менен Кытайдагы алдыңкы университеттердин бирине өтүп, учурдун эң актуалдуу кесиби болгон IT тармагында окуп жатат. Ал SUPER.KG порталына билим алуудагы жолу, билимдүү болуунун маанилүүлүгү жана жаштарды шыктандыруучу кеп-кеңештери менен бөлүштү.


- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Аты-жөнүм Ырыскелди Курманбеков. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында туулуп-өскөм. Өзүм 6-класска чейин Кочкор-Ата шаарындагы №28 мектепте, кийин Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинде окудум. Бир жыл мурун ЖРТдан 220 балл алып, "Алтын сертификатка" ээ болгом. Учурда Кытайдын Гонконг шаарындагы CItyU университетинде бюджеттик негизде окуп жатам. Багытым - IT тармагы. Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Эки эжем бар, алар дагы IT тармагында иштешет.

- Алтын сертификат деп калдыңыз... Айтсаңыз, тестирлөөгө кантип, канча убакыт даярдандыңыз?

- Негизи мектепте жакшы окучумун. Тестирлөөгө 11-класстан тарта даярданып баштап, жаңы жылдан соң даярдыкты күчөткөм. Мугалимдерим, мектебим көп жардам берген. Мындан сырткары сынамык тесттерди көп жазгам. ЖРТ көбүнчө логиканы текшерет. Ал үчүн логиканы жакшыртып, сынамык тесттерди көп жазуу керек.

- "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын алгандыгыңыз жана аталган лицейге өткөндүгүңүз боюнча да учкай кеп айта кетсеңиз...

- Алгач лицей тууралуу айтсам, мен кичинекей кезимден тарта математикага жакын болчумун. 6-класста математика боюнча олимпиадаларга катышып жүргөм. Мындан улам 100 пайыз жеңилдетүү менен "Сапат" лицейине өткөм. Ал эми лицей "Алтын тамга" алган окуучуларга 100 доллардан берет эле. Буга ошол үчүн даярдангам. Негизи дайыма эле алдыңкылардан болууга аракет кылам. Албетте, жетишкен ар бир ийгилигиме ата-энемдин салымы чоң. Таалим-тарбия берип чоңойтушту. Негизи жөнөкөй эле үй-бүлөдө чоңойгом.

- Эмне үчүн Гонконг жана CItyU? Башка өлкөлөрдү тандоо мүмкүнчүлүгү болду беле?

- Ооба, Гонконгдон сырткары Америка, Кореядагы университеттерге да тапшыргам. Алардан да ушундай эле акысыз окутуу сунуштары түшкөн. Бирок мен Гонконгду тандап алдым. Себеби CItyU университети дүйнөнүн 50 мыкты университетине кирет. Мындан сырткары бул шаарда окуп, иштеп жүргөн кыргыз агалардан сураштырып, кеңештерин алып отуруп, жыйынтыгында бул окуу жайды тандадым. Негизи чет мамлекетте окуйм деген максатым кичинемде эле бар болчу.

- CItyU университетине өтүү кыйын болдубу? Кандай талаптар коюлду?

- Мен лицейде окуп жүргөндө атайын өкүлдөр келип, университет тууралуу таанытып кетишкен. Мындан улам Гонконгго тапшырууну көздөп койгом. Ал эми окуу жайга тапшыруудагы талаптар - TOEFL 80 баллдан, ЖРТ 215 баллдан жогору болушу керек эле. Аны менен катар эссе жазып, жетишкендиктериңди көрсөтүү керек болду.

- TOEFL жана SAT сынактарына даярданууда эмнеге көңүл бөлдүңүз?

- ЖРТга салыштырмалуу TOEFL жана SAT сынактары кыйла эле оор болот. TOEFL сынагын тапшырууда жазуу, окуу, сүйлөө жана угуу деңгээлин текшерет. Ал эми SAT сынагында математика менен англис тили болот. Мен кандай даярдыктарды көрдүм? Чындыгында, эч кандай курстарга деле барган жокмун. Ютубдан эле видеолорду көрүп, маалыматтарды карадым. Көп издендим. Мурун олимпиадаларга катышып келгендиктен математика кыйынчылык деле жараткан жок. Бирок англис тилин тапшыруу мен үчүн аябай эле оор болду.

- Тил деп калдыңыз... Тил үйрөнүүдө кандай кеңештерди берет элеңиз?

- Чет тил үйрөнүп жатсаң ошол тилде сүйлөгөн дос таап баарлашкан жакшы. Кинолорду котормосу жок көргөн да жардам берет. Башкысы - китеп окуу. Мотивацияны жоготпой дайыма алдыга умтула бериш керек. 1 жыл мурунку өзүң менен азыркы абалыңды салыштырып, өзгөрүү барбы же жокпу, ошого талдоо жүргүзүү керек. Ошондо гана ийгиликке жете аласың деп ойлойм.

- Кытай өлкөсүнө барганда эмнеден кыйналдыңыз? Алгачкы баргандагы сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз.

- Негизи Гонконгго келүү оор эле болду. Бир билет алсам, аны кийин жокко чыгарып салышты. Алгач Түркияга учуп, андан соң Гонконгго учтук. Бул жакка келгенден кийин коронавируска байланыштуу 21 күн карантинде болуп, мейманканада жаттык. Алгач келгенде бийик-бийик имараттарды көрүп таң калдым. Ал эми кыйналганым шаардагы жашоонун кымбаттыгы болду. Башында ата-энем берген акчаны иштетип турдум. Кийин стипендиям түштү. Окуудан сырткары каникул убагында жаштарга код жазганды үйрөтүп, иштеп жаттым. Башында тажрыйбам жок болгондуктан компаниялардын көбү жумушка алышкан жок. Учурда билим берүү жаатында алектенген бир компанияда тьютор (тарбиячы) болуп иштеп жатам.

- Окуп жаткан окуу жайыңыздын артыкчылыктары боюнча айта кетсеңиз...

- Билим берүү системасы жакшы. Студенттерди аябай колдойт. Мисалы, IT'ни окуп жаткан студенттер 3-курста компанияларга барып, бир жыл стажировка өтө алышат. Ошентип окуу менен катар бир жылдык тажрыйбаң болуп калат. Мындан сырткары жылына 5000$ стипендия алам.

- Окуудан сырткары дагы эмне менен алектенесиз?

- Досторум менен хайкингге (жөө басуу экскурсиясы) барам. Кино көрөм.

- Чет жакта жүрүп сиз туш болгон кызыктуу окуялар бар болсо керек?

- Телефонумдун кубаты өчүп калып, карта жок адашып кеткен учурларым көп болгон (күлүп). Эптеп адамдардан метро каякта деп сурап отуруп, анан тапчумун.

- Гонконгдо окуган студент катары айтсаңыз? Кытай элинин билимге болгон умтулуусу кандай? Биз үйрөнсөк деген кайсы сапаттарды байкай алдыңыз?

- Бул жактагы адамдар окууга көп маани беришет. "Окубасаң эч нерсе болбойт" деген түшүнүк жок. Бардыгы аракеттин үстүндө. Себеби бул жакта жашоо кымбат. Эгерде жакшы ишиң болбосо, анда жашоо кыйын. Бул шаардагы балдардын жашоосуна аябай таң калдым. Алар каникул убагында да эс алышпайт экен. Бир карасаң пианино, код жазуу курстарына катышып жүрөт. Бир карасаң сууда сүзүү сыяктуу нерселер менен алектенип жүргөнүн көрөсүң.

Негизи дүйнө жүзүндө акылдуу студенттер көп. Ошолорду көрүп, артта калбайын деп аракет жасайсың. Жакшы окуганга түрткү болгон нерселер:

1) Ата-энеңдин сенден болгон үмүтү. Алар ушунчалык ишенип жаткандан кийин уят кылбайын дейсиң.

2) Окуу жайдын койгон талаптары. Себеби алар 100 пайыз жеңилдетүүнү жөн эле берип койбойт. Талап кылынган баага жетпей калсаң, жеңилдетүүнү алып салат. Ал эми окуу акысы аябай кымбат - 20 000 доллар (1 миллион 695 миң 778 сом). Андыктан жакшы окуу керек.

- Кыргыз өлкөсүнө кайтып, алган билимдериңизди бул жакта колдонуу тууралуу пландар барбы?

- Ооба, билим алып, тажрыйба топтоп, өз өлкөмдүн өнүгүшүнө салымымды кошкум келет. Кыргызстанда жүргөндө чет өлкөдө окуп, иштегим келчү. Бирок чет жакта жүрүп өз мекениңди сагынат экенсиң. Өзүң туулуп-өскөн жер баары бир биринчи орунда болот экен.

- Чет жакта билим алгысы келген жаштарга кандай кеңештерди бере аласыз?

- Алгач кесип тууралуу терең ойлонуп, анан тандоо керек. Жогорку окуу жайлар тууралуу маалыматтарды издегиле, алардын сайттарын карап чыккыла. Эмнени талап кылат? Өтүү үчүн эмне кылуу керек? Айтор изденүү керек. Негизи чет өлкөдөгү окуу жайлардын окуу акысы аябай кымбат. Ошон үчүн жашоо шартын, стипендия жагын да кароо керек. Мисалы Америкада окуган досторум бар. Өздөрү иштеп, окуу акысын өздөрү төлөшөт. Башкысы аракет кылуу керек. Кыргызстанда билим алып деле көп жетишкендиктерге жетсе болот. Мындан сырткары чет өлкөгө тапшырам десеңер TOEFL жана SAT сынактарына 10-класстан баштап эле даярданып баштаганыңар оң. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо Бишкектеги курстарга барып даярданып, тапшырсаңар жакшы болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан