Республикада көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-декабрга карата абалы боюнча үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалуу республика боюнча бир тонна үчүн орточо 5 211,8 сомду түздү жана 8,2 пайызга төмөндөдү, бул алардын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен (бир тонна үчүн 2 120,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү менен шартталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 000 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө болгон жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна үчүн 7 599сом), Кербен (бир тонна үчүн 7 251сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн 7 000 сом) шаарларында катталды.