Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубу каржылык фейир-плей стандарттарына жооп бериши үчүн сезондун аягына чейин 100 миллион еврого оюнчу сатууга тийиш. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын жай айына чейин париждик клуб бюджеттин олуттуу тартыштыгын жабуу керек. Эгерде бул аткарылбаса, анда клуб каржылык фэйр-плейдин нормаларына туура келбейт.
Мындан улам "ПСЖ" клубу Мауро Икарди, Юлиан Дракслер, Рафинья, Лейвин Курзава, Тило Керер, Абду Диалло жана дарбазачы Серхио Рикону трансферге коюуну пландап жатат.
Франция чемпиондугунун 19 турдук оюнунан кийин "ПСЖ" клубу турнирдик таблицада 46 упайы менен биринчи орунда келе жатат.