Бүгүн, 27-декабрга караган түнү Ош шаарында саат 04:31 чамасында Туран кичи районунда, Алыкулов көчөсүндө турак үй күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине ӨКМнын үч өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 05:14 өрт чектөөгө алынып, толук 08:19да өчүрүлгөн.
Өрттүн натыйжасында 1 кабаттуу турак үйдүн 250 чарчы метр толугу менен күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.