Ошто турак үй өрттөнүп 2 аял жана 2 бала каза болду

Ош шаарында өрттүн кесепетинен 4 жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө ӨКМдан жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган.

Кырсыктын кесепетинен 2 аял, 12 жана 2 жаштагы балдар каза болгон. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abdykapar
2021-12-27 20:17:57
Ноокаттын кок-жар айылы Ош шаарына карабайт суперчилер туура жазгыла да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан