Январ айында Орусияда 33 жаштагы Кыргыз жараны жуунуп жатып, иштеп жаткан кир жуучу машинага тийип, ток уруп каза болгон. Маркум жеткирүү кызматында курьер болуп иштеп, аялы менен батирде жашачу. Буга чейин жубайлар батирдин ээсинен электрикти чакырууну суранышкан, бирок ал жөн гана суу колдонуу учурунда электр шаймандарын өчүрүп коюуну айткан. Маркум жуунуп жаткан учурда кир жуучу машина титиреп келип, ага тийип ток урганы белгилүү болгон.
Кытайда жол кырсыгынан каза болгон студент
Март айында Кытайда жол кырсыгынан кыргыз студенти каза болгон. Студент Кытайдагы университеттердин биринде окуган 1999-жылы туулган. 22 жаштагы Бексултан Шадыканов Жалал-Абад облусунун тургуну. Ал Бишкек мамлекеттик университетинде окуп, 2 жыл мурун Кытайга окуусун улантууга кеткен. Бексултан үйдүн кичүү баласы болуп ал ушул жылы окуусун аяктамак.
Өз жанын кыйган Кыргыз жараны
7-июлда Орусиянын Москва облусунда "ЦентрСервис" фармацевтикалык компаниясынын кампасынан эки адамдын жансыз денеси табылган. Алардын бирөөсү Кыргыз жараны болгон. Сөөгү табылган экинчи адам 1965-жылы туулган Атынбек Айбашов аттуу Кыргыз жараны болгон. Иликтөөнүн жыйынтыгында ал өзүн-өзү өлтүргөнү маалым болгон. Ошондой эле Кыргыз жаранынын жанынан каракалпак тилинде жазылган кат дагы табылган. Катта биринчи адам аны мазактаганы, ал тургай эки жолу бычак менен өлтүрүүгө аракет кылганы жазылган. Андан соң аны бычак менен өлтүрүп, кийин өз жанын кыйганын жазып калтырган.
Сууга чөгүп
Тоолуу Алтайда Кыргыз жараны рафтинг учурунда каза болгон. 20-июль күнү Катунь дарыясында бара жаткан туристтердин кайыгы оодарылып кеткен. Натыйжада Марсел Сталбеков аттуу инструктор сууга чөгүп каза болгон. Анын сөөгүн тийиштүү органдар 10 күн бою таба алган эмес. Туристтер Марсел Сталбековдун денесин таяк менен алып чыгууга аракет кылышкан, бирок таяк сынып, аны суунун агымы агызып кеткен. Бул туурасында маркумдун апасы прокуратурага жазган арызында айтылган. Анын сөөгү 30-июль күнү табылган.
Токмоктолуп каза болгон
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Орусиянын Якутск шаарында эмгектенип жаткан мекендешибиз кайрылган. Анда ал аталган шаарда Кыргыз жараны мушташа кетип, бири каза болгонун билдирген. Ал "Мен Якутск шаарында 4 жылдан бери иштейм. Кечээ Якутск шаарында оор кылмыш катталды. Үч Кыргыз жаранынын ортосунда чыр чыгып, тилекке каршы, бир жердешибизди кокустан өлтүрүп алышты. Якутскта 1988-жылы туулган Кыргыз жараны мушташтын кесепетинен каза болду. Мушташка катышкан 2 адам (Жалал-Абад облусунан болушат) кармалды. Биздин консул аталган шаарда иштеп жатат. Мушташ ичимдик ичкенден улам келип чыккан", - деп билдирген.
Жол кырсыгынан көз жумган жубайлар
Орусиянын Сургут шаарында автокырсыктан Кыргыз жарандары каза болгон. Алар жубайлар экени кабарланган. Кырсык 23-октябрь күнү Сургут-Когалым унаа жолунда болгон. Сургуттан Ноябрьскти көздөй бара жаткан Hyundai унаасынын 22 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жеңил унаанын айдоочусу жана анын эки жүргүнчүсү, 36 жаштагы эркек жана 19 жаштагы кыз ошол жерден каза болгон. Унаанын ичиндеги дагы бир 19 жаштагы жигит ооруканага жаткырылган.
Казанда көп кабаттуу үйдөн кулаган кыз
7-декабрда Орусиянын Казань шаарында 19 жаштагы кыргыз кызы көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, 2002-жылы туулган Б.К. аталган шаарга ушул жылдын март айында апасы менен келген. Социалдык тармактардын колдонуучулары көп кабаттуу турак жайдан кулап каза болгон кыздын зордукталышы боюнча такталбаган маалыматтарды айтып чыгышкан. Бул боюнча тиешелүү суроо-талаптар Орусиянын укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Бир катар экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында Кыргыз жараны зордукталды деген фактысы жокко чыгарылган.
Пенсильваниядагы 27 жаштагы жигиттин өлүмү
5-октябрда АКШнын
Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин ок чыгаруусунан улам 1993-жылы туулган
Нургазы Мамыров каза тапкан. АКШнын булактарынын маалыматына ылайык, саат 04:30дар чамасында Жерси-Шор менен Майл-Ран аймактарына жакын жайгашкан жүк ташуучу автоунааларды токтотуучу жайга наряд чакыртылып, тоноо болгону кабарланган. Тартип сакчылары жерине келгенде оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу транспортун аялдамага токтотуп, өзү анын ичине бекинип алганын байкашкан. Полиция өкүлдөрү машинаны курчоого алып, шектүүнү мажбурлап сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу жүк ташуучу автосу менен полициянын эки машинасын коюп кеткен. Мындан улам тартип сакчылар ага карай ок чыгарган. Оор жаракат алган айдоочу ошол жерден эле жан берген.
Анталиядан алтынчы кабаттан кулаган
15-октябрда Түркияда 20 жаштагы кыргыз жигити 6-кабаттан кулап көз жумган. Түрк басылмаларынын маалыматына ылайык, кыргыз жигити достору менен Анталия шаарына эс алууга барган. Ал эс алуу үчүн токтогон батирдин 6-кабатынан кулап кеткен. Аны байкап калган жакын жердеги адамдар "Тез жардам" кызматына кабарлашкан. Оор жаракат алган жигит Анталиянын изилдөө ооруканасына жеткирилген. Маалыматтарда жабырлануучу өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы айтылууда. Анын кулап түшкөнү видео көзөмөлгө түшүп калган. 2003-жылы туулган Кыргыз жараны А.Т. Анталиядагы ооруканага абалы оор болуп түшкөн. Дарыгерлердин кылган аракетине карабай, 15-октябрда таңкы саат 07:00дө каза болгон.
Абу-Дабиде бир жашар уулу менен бычакталган келин
21-сентябрда эртең менен Индиянын Нью-Дели шаарынын түштүк-чыгышындагы Какаджи районундагы үйлөрдүн биринен 28 жаштагы Мыскал Жумабаева аттуу кыргыз кыз менен анын бир жаштагы уулунун жансыз денеси табылган. Полициянын маалыматы боюнча, 28 жаштагы Мыскал Жумабаеванын беш айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон. 21-сентябрда ал күйөөсү Винай Чаухан менен урушуп кеткен. Андан кийин ал досу, Өзбекстандын жараны Матлюба Мадусмонова менен жолугуу үчүн үйүнөн чыгып, Мадмусмонованын үйүнө барган. Аны менен уулунун сөөгү бычакталган абалда досунун батиринен табылган. Эртең менен гана алардын сөөгү табылган.
Түркиядан кыргыз келинди кайын атасы жиликтеп салган
2021-жылдын октябрь айында Түркияда Аят А. аттуу кыргыз келинди мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтеп таштандыга ыргытып салды деп кайнатасы Фехми Адсыз шектелип кармалгандыгы кабарланган. 65 жаштагы Фехми Адсыз өзүнүн 31 жаштагы келини Аят менен урушуп кеткен. Экөөнүн ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында кайнатасы келинди бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп, жарымын таштанды челегине ыргытып, аны үйдүн алдында токтоп турган мамлекеттик номерлүү автоунаанын багажына салып койгон. Бул убакта өлтүрүлгөн келиндин кайненеси үйүнө келген соң окуяны көрүп кошуналарына жардам сурап кайрылган, алар өз кезегинде полиция чакырышкан. Шектүү Фехми Адсыздын келини Аяга бычак сайгандан кийин колу-бутун араа менен кескени аныкталган. Өзүнүн билдирүүсүндө, келини неберелерин дайыма сабап жүргөнүн, ошондуктан аны өлтүргөнүн полиция кызматкерлерине айтып берген.