"Түндүк электр" ишканасынын унаасы күйүп, 3 адам каза болгон окуя. Айдоочуну сот үй камагына чыгарып жиберди дейт маркумдун туугандары

17-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алган. Көп өтпөй каза болгондор "Түндүк Электр" ишканасынын кызматкерлери экени аныкталган.
Бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталына каза болгон Айнура Көкүмбаеванын жакындары кайрылып, сот айдоочуну үй камагына чыгарганын айтып кайрылды.
“Бул факты боюнча камалган айдоочуну сот эртеси эле коё берип койгон. Камалган кишинин жакындары соттор менен сүйлөшүп кетишсе керек деген күмөн оюбуз бар. Каза болгон адамдардын бир туугандары адилеттик издеп, баш мыйзамдын кепилдиги, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоочулары катары президент Садыр Жапаровго, Жогорку Сотко, УКМКга, Башкы прокуратурага кайрылып арыздарды бердик. Биз жакындарыбыздан айрылып, аза күтүп отурсак күнөөлүүлөр эртеси эле эркиндикке чыгуусун соттордун адилетсиздиги катары баалайбыз. Ошондуктан бардыгын мыйзам чегинде карап бериңиздер деп суранабыз”, - дейт маркум Айнура Көкүмбаеванын бир туугандары.
17-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алганы, ошондой эле кагылышуудан улам жүк ташуучу унаа күйгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан