Бишкек мэриясы чек ара чырында каза болгон Бекзат Юлдашевдин үй-бүлөсүнө эмне үчүн батир берилбегенин айтты

Социалдык тармакта шаардык мэрия Баткендеги чек ара кагылышуусунда каза болгон прапорщик Бекзат Юлдашевге үй берүүдөн баш тартты деген маалыматтар тарады. Бул боюнча муниципалитеттен билдирүү таратышты.
Ага ылайык, чек ара чырында каза болгон Бекзат Юлдашевдин үй-бүлөсүнө үй берүү боюнча маселе 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинде каралган. Анда анын жубайы Гулхая Кодировага батир берүү чечими кабыл алынган.
"Бирок 12-июлда президент Садыр Жапаров Юлдашевдин жубайы Гулхая Кодировага Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.
Азыркы учурда Гулхая Кодирова үч баласы менен ошол үйдө жашап жатат. Буга байланыштуу үй берүү зарылчылыгы болгон эмес", - деп билдиришти мэриядан.
Маалымат үчүн:
Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ичинде прапорщик Бекзат Юлдашев дагы болгон. Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 1990-жылы 11-майда туулган.
Аскердик кызматын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Бекзодбек Юлдашев "Эрдик" медалы менен сыйланган.
Эске салсак, тажиктердин кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн 36 жараны каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Жаңжалда чек ара айылдарынан жалпысынан 40 миң 649 жашоочу эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан