Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 200-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги бакты сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган Б.М. аттуу эркек киши каза болгон.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенче ИИМ кызматкерлери маркумдун жансыз денесин чыгарып алышкан.