Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу түтүгү жарылган Бишкек ЖЭБине барып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө ЖЭБ кызматкерлеринин ыкчам аракетинин аркасында объектидеги авариялык кырдаал ыкчам түрдө локализацияланганы айтылды.
"Борбордун тургундарын жылуулук энергиясы менен камсыздоо токтогон жок. Насостук станциянын иши тез арада калыбына келтирилди”, - деди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.
Министрлер кабинетинин төрагасы мындай учурларга жол бербөө үчүн өзгөчө кечки маалда нөөмөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүү керектигин баса белгилеген.
"Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирип калган, аны жаңылоого убакыт келди", - деген Акылбек Жапаров.
Мындан тышкары, ал 2022-жылдын апрель айына чейин алмаштырууга жана жаңылоого муктаж болгон жабдуулардын тизмесин даярдоону тапшырган.
25-декабрда саат 22:30 чамасында Бишкек ЖЭБинин жээктеги насостук станциясында суу түтүгү жарылган.