"Таене неберелерин эшикке алып чыгууга жетишкен эмес". Ноокаттагы 4 адамдын өмүрүн алган өрттүн чоо-жайы

Ош облусунун Ноокат районундагы турак үйдөн чыккан өрттөн каза болгон жарандар бир үй-бүлө мүчөлөрү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"27-декабрга караган түнү саат 05:00 чамасында 65 жаштагы аялдын үйүндө өрт чыккан. Ал күнү үйүндө 39 жаштагы кызы, анын 2 жана 12 жаштагы кыздары да бар болгон. Чыккан өрттөн улам төртөө тең каза болуп калган.

Учурда бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирди басма сөз катчы.

Ал эми Ноокат районунун Көк-Жар айылынын айыл өкмөтүнө байланышканыбызда буларды билдиришти.

"65 жаштагы эже мешке от жагып туруп оозун жаппай жатып алган. Чок килемге түшүп өрт тутанган. Ал күнү үйдө 5 адам болгон. Азыр эженин улуу кызы ооруканада. Абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча алар алгач ууланышкан. Себеби 65 жаштагы эже өрттү байкап, эшикке неберелерин алып чыкканга аракет кылган. Бирок ал дагы түтүнгө ууланып жыгылган. Маркумдун эки кызы жакында эле Орусиядан келишкен", - деп билдирди айыл өкмөттөн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ozgocho111
2021-12-27 16:31:06
Кантсе да жаман иш болуптур...
+3
Haanykeim
2021-12-28 15:59:18
Быйыл өрттөн эле адамдар кайтыш болуп жатат...Суу от тилсиз жоо деген ушу да..Жакындарына сабыр берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан