Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
"20-декабрь күнү болжол менен саат 07:30 чамасында Ауэзов жана Казан-Булак көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен бара жатып, жөө адамды сүзүп алып, андан ары качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2007-жылы туулган С.А. аттуу өспүрүм ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын 1992-жылы туулган Н.К. аттуу айдоочусу кармалып, андан ары чара көрүү үчүн Бишкек ШИИББинин жол кырсыктары боюнча тергөө кызматына жеткиришкен", - деп жазылат маалыматта.