Чүй облусунда ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине Чүй облусунун 37 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 11-апрелде О.Б. аттуу жаран Москва районундагы сарайлардын биринде мал багып сатып ишкерлик кылган адам катары өзүн тааныштырып, арыздануучунун 38 баш бодо малын 3 миллион 900 миң сомго баалап, акчаны кийин берүүнү убада кылып, малды алып кеткен боюнча из жашырган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында дагы эки факты аныкталып, жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан. Анда шектүү эки жарандын малын 5 миллион 480 миң сомдон ашык акчага баалаган.
Ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 44 жаштагы О.Б. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Баш коргоо чарасын Аламүдүн райондук соту карап, 1 айга камакка алган.
Териштирүү иштери улантылууда.