
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги коронавирус инфекциясын изилдөө үчүн керектелүүчү жабдыктарды Бишкекке жөнөтөт. Бул туурасында элчиликтен кабарлашат.
Билдирүүгө ылайык, элчилик 10 миң реагенттер комплекси менен тест-системаларды акысыз берүү боюнча административдик келишимге кол коюуну пландаштырууда. Бул боюнча элчилик менен Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) илимий федералдык бюджеттик мекемесинин ортосунда макулдашууга жетишилди.
Тиешелүү гуманитардык жүк жаңы жылдын алдында Бишкекке жөнөтүлөт.