Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министри кызматынан кетти

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул туурасында жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, министрдин отставкага кетүүсүнүн себептери ар кандай. Анда Догоевге ири IT-компаниялардын биринде кызмат орундары сунушталды деген пикирлер бар. Башка маалыматтарга караганда, ал өлкөгө импорттолгон мобилдик аппараттарды милдеттүү түрдө каттоо мыйзамын ишке ашыруудагы кыйынчылыктардан улам кызматынан кетип жатат.

Азырынча Дастан Догоевдин өзү менен байланышуу мүмкүн боло элек. Ал эми министрлер кабинети жана президенттик администрация, министрлик бул боюнча жооп бере элек.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев УКМК тарабынан кармалган. Андан кийин президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол коюп, Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
27-октябрда Жогорку Кеңеш санариптик өнүктүрүү министри кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2021-12-27 20:43:43
Окунучтуу..
Азыр, Технология онуккон кезде Бизге Кыргызстанга ушундай кучтуу Кадрлар керек да..
0
Jelezo
2021-12-27 23:39:28
Азыркы бийликтин саясатына ишенген жок окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан