Чүй облусунун Аламүдүн районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан аялдын денесине залал келтиргенге шектүү изделүүдө.
Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 26-декабрда катталган. Анда болжол менен саат 06:42 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинен белгисиз киши аялдын денесине залал келтиргени тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу барганда, 1991-жылы туулган К.М. аттуу айым арыз менен кайрылып, болжол менен 35-40 жаш курактагы бейтааныш эркек киши эртең мененки саат 06:30да эч себепсиз анын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Анын негизинде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда окуяга тиешеси бар жарандын аты-жөнүн тактоо, аны кармоо үчүн ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.