Балдардын зордук-зомбулукка, сексуалдык ыдыкка учуроосу, өз жанын кыюусунун себептери менен кесепеттери талкууланды

Өлкөдө "Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу" маселеси боюнча жыйын болду. Анда балдарга карата зордук-зомбулуктун түрлөрүнүн өсүп жатканы, алардын сексуалдык ыдыкка учуроосу, өз жанын кыюусу, кордоого кабылуусу сыяктуу көрүнүштөрдүн себептери менен кесепеттери жана аларды жоюу жолдору талкууланды. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашат.

"Балдарга карата зордук-зомбулуктун себептерин жоюу боюнча алдын алуу иштеринин начар жүрүп, мындай фактылар көп катталууда. Зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон балдардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн турмуштук оор кырдаалда жашаганына карабастан тиешелүү кызматтар тарабынан аларды өз убагында аныктоо, социалдык жактан колдоо иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту актоого болбой турганын, мындай кылмыштар эң катаал чараларды колдонуу менен мыйзам чегинде жазаланышы керектигин баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндө зордук-зомбулукту аныктоонун эң натыйжалуу ыкмаларын табуу, келечекте балдардын укугунун кымындай да бузулуусуна жол бербөө үчүн республика боюнча адистерди даярдоо зарылчылыгы турат. Мындан сырткары балдарды коргоонун жекече программасын жана үй-бүлө менен жекече иштөө планын түзүп, ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир баланы көзөмөлгө алуу, коргоо жана жер-жерлерде оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн көп функциялуу профилактикалык кызматты түзүү (жоопкерчиликтүү ата-энелер мектеби, социалдык жардам жана колдоо көрсөтүү, турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөргө күндүзгү борборлор) зарыл", - деп айтылат.

Жыйындын жыйынтыгында "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруунун алкагында үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо планынын долбоорун (2-этабын) иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayzhan12
2021-12-27 21:25:30
Кыздарга кордук, жаш балдарга зомбулук көргөзүү, аларды коомго толук кандуу катышуусуна тоскоол болуп, узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан