Таластагы Бала-Саруу чакан ГЭСин курууга дээрлик 23 миллион доллар бөлүнөт

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна 22 миллион 900 миң доллар каражат бөлөт. Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, каражат Талас облусундагы Киров суу сактагычында Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна сарпталат. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

"Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору бар ГЭСтин курулушун камтыйт. Анын ичинде жылына орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Аталган кичи ГЭСтин иштөө режими сугат режимине жана Киров суу сактагычынан агып жаткан суунун агымына ылайык жөнгө салынат.

Республикада көп жылдардан бери биринчи жолу мамлекеттин катышуусу менен чакан ГЭСтер курула баштады. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү ири гидроэнергетикалык объектилерди куруу менен катар республиканын экспорттук потенциалын жогорулатат жана кургак мезгилде электр энергиясынын негизги булагы – Токтогул ГЭСин сактап калат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 29-августта президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салган.

ГЭСтин курулушун Энергетика министрлигинин жана "Улуттук холдинг", "Чакан ГЭС" компаниялары жүргүзөт. Долбоорду 2022-жылдын декабрында бүткөрүү пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан