Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында 18.30 чамасында Жунусалиев көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу унаасы менен М.А. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.
Окуядан көп өтпөй Бишкек ШИИББинин ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делинип Бишкек шаарынын 18 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.