Жалал-Абад облусунда турак үйдөн өрт чыкты

Жалал-Абад облусунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдына ала маалымат боюнча Майлуу-Суу шаарынын Загородная көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 28-декабрга караган түнү саат 03:07де түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:09да Майлуу-Суу шаардык куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт болгон аймакта кырдаал курч болгондугуна байланыштуу саат 03:46да кошумча 2 бөлүмү тартылып учурда өчүрүү иштери уланууда.

Өрттүн чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан