Футболчу Кирилл Крестинин бишкектик "Дордой" клубу менен коштошту. Бул тууралуу "Дордой" клубунун басма сөз кызматы маалымдады.
"Кирилл Крестинин менен келишим аяктап клубубуздан кетти. Акыркы сезондо коргоочу 24 оюнда бир гол жараткан. Клубдун атынан терең ыраазычылык билдиребиз жана башка командалар менен дагы ийгилик каалайбыз!", - деп билдирди "Дордой" футболдук клубу.
19 жаштагы Кирилл Крестинин футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин уулу. Ноябрь айында "Дордой" клубу Александр Крестинин менен болгон келишимин токтоткон.