Эл аралык Ысык-Көл форумунун генералдык секретары Ассоль Молдокматова Москва шаарында СССРдин экс-президенти Михаил Горбачёвго Чыңгыз Айтматовдун медалын тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ассоль Молдокматова билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва шаарындагы өкмөт үйүндө Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун генералдык секретары Ассоль Молдокматова Михаил Горбачёвго улуу жазуучунун медалын тапшырган. Горбачёв учурда Москвадагы клиникада дарыланып жаткандыгына байланыштуу медаль философия илимдеринин кандидаты, Ысык-Көл форумунун негиздөөчүлөрүнүн бири Рустам Хаировго ыйгарылган.
"Сиздин колдооңуздун аркасында Чыңгыз Айтматов 1986-жылы дүйнөгө белгилүү жазуучулардын, маданият жана искусство ишмерлеринин, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген интеллектуалдык жана саясий элитанын өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык форумга чогулду. Андан соң Ысык-Көлдүн жээгинен чыгыш менен батыштын тирешүүсүн токтотууга чакырык жасалып, эл аралык иштерде жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыктуулугу, тынчтыкты сактоодо маданият ишмерлеринин өзгөчө ролу баса белгиленди", - деп жазылган Горбачёвго жиберилген каттын үзүндүсүндө.