Өзгөндөгү Жаңы жылдык балаты талкуу чордонунда. Аны тургундар жасалгалаган

Социалдык тармакта Ош облусунун Өзгөн районундагы Жаңы жылга карата жасалган балаты кызуу талкууга алынды. Анда интернет колдонуучулары ар кандай маанайдагы пикирлерин айтышты.

Анда колдонуучулар:

"Түндө жарыгын жандырып койсо сонун көрүнүп калат"

"Байыркы шаарга байыркыдай балаты тургузуптур!"

"Жакшы эле болуптур жасалбай, эмне кылышат чыгашА кылып? Жасаганда эмне пайда? Кимге пайда?".

"Туура кылышкан даяр өсүп турган балаты экен" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.

Бул боюнча президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымат таратып, аталган балаты тургундар тарабынан жасалганын билдиришти.

"Быйылкы жылы Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан Жаңы жылдык жасалгалоо, балаты орнотууга каражат бөлүнгөн эмес. Андыктан быйыл Өзгөн шаарына балаты орнотулбайт.

Ал эми социалдык тармакта тараган балатыга Өзгөн шаардык мэриясынын тиешеси жок. Ал балаты тургундар тарабынан жасалган", - дешти өкүлчүлүктөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond0202
2021-12-28 11:19:32
Аябай сулуу болуптур.мунара кыйшайып жыгылайын деп калган го
-11
surgeon777
2021-12-28 11:29:20
Тургундар аракет кылып жасаган нерсени сындабастан колдош керек,биздин кыкендер сынагандан башканы билишпейт.
+12
nurgaz
2021-12-28 11:39:00
Жаны жыл харам. Мусулмандардын майрамы эмес. 90% мусулмандар жашаган олкодо жаны жылды тоспой эле коюш керек.
-6
ayzhan12
2021-12-28 12:27:55
nurgaz,
90% элдин баары сага окшогон диний фанат эмес. Элдин басымдуу болугу светтик жашоо турмушту алып журушот. Молдолордун жомогуна ишенбегиле, ар бир уй було жаны жылды жакшы тосуп, бул жылы баардык каалоо тилектеринер орундалсын. Келе жаткан жаны жылыныздар менен.
-11
Isken90
2021-12-28 14:04:44
ayzhan12, сага бир суроода Будизимдер оздору колу менен эстелик жасайтда кайра оздору сыйынат. Ошолор кабыл болобу? Сенда арчаны колун менен кооздойсунда кайра озун калоо тилек сурайсын
+3
Mirbek7506
2021-12-28 14:36:14
nurgaz,ошентип харам деп коюп эле тытынып эле жүрөсүңөр го, базарда адам батпайт кечинде ёлканын жанында баса албайсың, элге айтпай эле өзүң тоспой коё бер да
+4
suban78
2021-12-29 03:14:07
nurgaz,озун харамсын, сага окшогондор харам. Радикалдар харам.
Жаны жыл жон эле конулдуу майрам. Чала скбат моллолор асылып эле жатып калдынар да жаны жылга кенкелестер.
+4
Jacob.
2021-12-28 11:44:33
“Үстүн саттык, асты бизге калды” дегендей эле болуптур да..
+6
Bishkek-Kg
2021-12-28 15:53:34
Акча бөлбөй жакшы кылыпсыңар, каяктагы мусор, бутпарастарга акча бөлүштүн эч кереги жок. Балаты орнотпосоңор деле 2022 келе берет!!!
+2
Birimdik5555
2021-12-28 21:36:57
Капастагы куштай кылып коюпсунар го бур арчаны, а так азаматсынар, ушунча аракет кылып жасапсынар +5
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан