Сокулукта милиция кызматкери өз үйүндө бычакталды

Сокулук районунун Романовка айылында милиция кызматкери бычакталды. Бул тууралуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 27-декабрда Сокулук РИИБге Романовка айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз адам үй ээсин бычактап салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Сокулук районунун ички иштер башкармалыгында катталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, белгисиз адам үйгө кирип үй ээсине бычак сайган.

"Жабырлануучу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын күзөт кызматынын кызматкери, улук сержант Н.Т. болуп чыкты. Ал оор абалда райондук аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда 50 жаштагы С.П. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалды. Бардык жагдайлар иликтенип жатат. Экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда", - деп билдирди Сокулук РИИБи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rahat73.
2021-12-28 12:26:40
Бандиттик өлкө болуп баратабызбы окусаң эле өлтүрүп кетиптир же киши колдуу болду деп окуп жан кейийт
0
Mister-XXX
2021-12-28 13:23:00
rahat73.,Экинчи тарабы да бар.Милиция кызматкерлери да ошол нерсеге жеткизет.Камерага камап алып,каалагандай сабап,кордошот.Мен да бир милицияны өлтүргүм келип эле жүргөн.Балким айылда болгондо өчүмду алмакмын.Чет жакта жүрүп унутулуп калды.
+4
Usmanbekali
2021-12-28 14:04:38
Mister-XXX,Туура ошолордон тепкисине чыдабай канчалаган бейкүнөө адамдар, келечегине балта чабылып кесилип кетишти...
+2
Tursunbaev1978
2021-12-28 13:50:19
rahat73.,Жөн жүргөн адамга үйүнө келип бычак сайбайтта,өткөргөн ал милиция дагы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан