Ат жалында шамал менен кошо жарышкан көк бөрүчү жигиттер жана Валентина Шевченко (фото)

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Ысык-Көл облусунда жүрүп, жолдон көк бөрү ойноп жаткандарды көрүп атайын токтоду. Бул тууралдуу мушкер айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жолдо кетип бара жатып, жигиттерге жолугуп, көк бөрү оюнуна күбө болдук! Абдан кайраттуу, күчтүү жана эр жүрөк спорт! Жылкылар дагы атаандаштык рухун жарата алышат. Алар дагы оюнга толугу менен катышып, башка команданын аттары менен тирешишет", - деп жазды Валентина Шевченко.

22-декабрда дагы Валентина Шевченко Көк-Жар айылында маркум журналист Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюнун барып көргөн. Аталган мелдешке Нарын облусунан жалпы 10дон ашык команда катышып, Соң-Көл командасы жеңүүчү аталган.

Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 22-ноябрда келген. Ушул убакыттан бери мушкер айым Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп, Бишкек жана Ош шаарларында күйөрмандары менен жолугууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-12-28 14:52:20
Азамат мекенчил сары кыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан