Жаңы жыл майрамына байланыштуу “Торугарт-авто жол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат

Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт-авто жол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынын басма соз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен “Торугарт-авто жол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабылат.

“Торугарт-авто жол” жана “Эркеч-Там-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январь күнү атайын алгоритм боюнча Кытай Эл Республикасынан Кыргыз өлкөсүнө транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан