Ысык-Көлдө опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБине Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, Эрадил аттуу белгисиз жаран, коркутуу жолу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын маалымдап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Жабырлануучунун арызы райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
27-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кылмышка шектүү жарандын аты-жөнүн аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлгөн.
Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну М.Э. кармалган. Кийинчерээк кылмышка шектүү катары кармалган жаран Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.