Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, эркек киши түтүнгө ууланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 28-декабрга караган түнү саат 03:32 чамасында Биринчи Май районунун Кулиев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан.
Жерине өрт өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылып, саат 04:58 толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 60 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүшкөн.
Учурда абалы жакшы жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.