Ошто жөө адамды биринин артынан бири келип сүзгөн эки айдоочу көп узабай колго түштү

Ош облусунда жөө жүргүнчүнү биринин артынан бири келип сүзгөн эки айдоочу көп узабай колго түштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү кечки саат 19:30 чамасында Ош-Эркеч-Там унаа жолунда 43 жаштагы жаранды белгисиз айдоочу унаасынын оң капталы менен сүзгөндө жыгылган. Ал жыгылганда артынан келе жаткан дагы бир белгисиз айдоочу жабырлануучу сүзүп, бирок токтобостон экөө тең из жашырып кетип калышкан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында көп узабай эки айдоочу кармалган. Алар Алай жана Ош шаарынын тургундары. Унаалар айып короо жайына токтотулуп, айдоочулар Кара-Суу РИИБине жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2021-12-29 01:24:48
Акмактар экөөнү тең камап салыш керек,кайтар дуйно бул экөөнүн башына да мындай окуя келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан