Бишкек шаарында таштандыларды жер астында сактоо жана чогултуу боюнча пилоттук долбоорду украиналык компания ишке ашырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, пилоттук долбоор үчүн сынакта украиналык "Диасон" ЖЧК компаниясы жеңип чыкты.
"Аталган компания 3 жер астындагы таштандыларды сактоо жана чогултуу системасын орнотот. Ар бир система 4 таштанды челек менен жабдылат.
Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзөт. Бул ыкманын аркасында шаар көчөлөрү дагы эстетикалык көрүнүшкө ээ болот. Ошондой эле таштанды контейнерлеринин жана аймактардын жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктарынын чиришинен эч кандай жыт болбойт", - деп жазылат маалыматта.Белгилей өтсөк, буга чейин аталган долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыялаганы айтылган.